Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:58

Берлинде орус оппозициясынын согушка каршы жүрүшү өтүп жатат


Орус оппозициясынын жүрүшү. Берлин, 17-ноябрь 2024-жыл
Орус оппозициясынын жүрүшү. Берлин, 17-ноябрь 2024-жыл

Берлинде орус оппозициясынын согушка каршы жүрүшү өтүп жатат. Илья Яшин, Юлия Навальная жана Владимир Кара-Мурза уюштурган акциянын катышуучулары орус аскерлерин Украинадан чыгарууну, Владимир Путинди согуш кылмыштары үчүн сот жообуна тартуу жана Орусиядагы саясий туткундарды бошотууну талап кылууда. Алар «Путинсиз Орусия!», «Согушка жол жок!» деп ураан чакырууда.

"Вот так" Телеграм-каналы айрым катышуучулар орусиялык желекти алып салууну талап кылганын жазды.

«Полиция нааразы болгондорго кармап кетишерин айтып, эскертүү жасашты» - деп айтылат Телеграм-каналда.

Катышуучулар Орусиянын элчилигине чейин барууну көздөп жатышат. Акцияга канча киши чогулганы азырынча так белгисиз.

Уюштуруучулар белгилегендей, Орусиянын аймагында азыр мыйзамдуу нааразылык акцияларын өткөрүу мүмкүн эмес.

«Бейпил, эркин жана цивилизациялык Орусия дагы деле бар экенин көрсөтө алабыз. Биз барбыз, биз унчукпай отурган жокпуз, бир бирге аракеттенип жатабыз», - деп жазды Яшин социалдык тармактарга.

Оппозиционерлер согушка жана Путинге каршы болгондорду Берлиндеги жүрүшкө катышууга, «уюшуп, автобустарды жалдап, немис башкалаасына келүүгө» чакырышкан.

Украинанын Германиядагы элчиси Алексей Макеев Zeit гезитиндеги макаласында Берлиндеги акцияны сындады. Анын пикиринде, жүрүш орус калкы үчүн эмес, немис медиасы менен саясатчылары үчүн уюштурулуп жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG