Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Ысык-Көлдөгү Чоң-Сары-Ой шайлоо тилкесинин иши үч саатка узартылды


Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы №3023 шайлоо тилкесинин иши аппараттар иштебей калгандыктан үч саатка узартылды. Бул тууралуу Шайыбек Ата айыл аймагынын башчысы Улан Абдрахманов “Азаттыкка” билдирди.

“Эртеден бери атайын апараттар иштебей жаткан. Буга байланыштуу адистердин баары ошол №3023 шайлоо тилкесине жиберилип, техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюуга аракет кылды. Азыр шайлоо иши кечки саат 8де жанданды. Убактысын саат 23:00гө чейин узартып бердик”, - деди Абдрахманов.

Бул шайлоо тилкесинде 2250 шайлоочу катталган, алардын бири да кечки сегизге чейин добуш берген эмес.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке айылындагы №3092 шайлоо тилкесинде бюллетен чыгарган аппарат иштебей, шайлоочулар добуш бере электиги кабарланган. Бул шайлоо тилкесинде 600дөн ашык шайлоочу катталган.

Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталып, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталды. Боршайкомдун маалыматына караганда, республика боюнча жалпысынан 2 миң 437 добушкана ачылды. Акыркы эсепте Кыргызстандагы шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039 деп эсептелген.

Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өттү. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышты. 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү. (KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG