Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:50

Абхазияда оппозициянын тарапкерлери чогулууда


Өзүн-өзү республика деп жарыялаган Абхазиянын борбору Сухумидеги тиреш. Грузия, 15-ноябрь, 2024-жыл
Өзүн-өзү республика деп жарыялаган Абхазиянын борбору Сухумидеги тиреш. Грузия, 15-ноябрь, 2024-жыл

Сухумиде өзүн-өзү республика деп жарыялаган Абхазиянын президенттик администрациясы алдына оппозициянын тарапкерлери чогулууда. "Республика" Телеграм-каналы маалымдагандай, координациялык кеңеш мындан аркы аракеттерди жарыялаганы жатат.

Анын алдында Грузиянын Москва колдогон жикчил аймагынын президенти Аслан Бжания нааразылыкка чыккандар менен мунасага келе албаганын, шайланган жетекчи бойдон кала берерин айткан.

Бжания жумурият жашоочуларын «чагымга» алдырбоого, уруксат берилбеген митингдерге катышпоого чакырды.

Ага чейин ал нааразылыкка чыккандар Сухумидеги өкмөттүк имараттарды бошотушса, кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген.

Сухумиде бир нече күндөн бери нааразылык акциясын өткөргөн оппозиция өкүлдөрү 15-ноябрда жергиликтүү парламент жана президенттин администрациясы жайгашкан имараттын алдына чогулуп, Орусияга артыкчылык бере турган инвестициялык келишимден баш тартууну талап кылышкан. Алар дарбазанын бир бөлүгүн жырып өткөндө тартип коргоочулар менен кагылышуу тутанган.

Кабарларга караганда, митингчилеге каршы жаш агызчу газ, түтүн шашкаларын колдонушкан.

Москва менен Сухуми ортосундагы инвестициялык макулдашуунун долбооруна ылайык, орус компаниялары жикчил жумуриятта инвестициялык долбоорлорун ишке ашыра алат. Документ 15-ноябрда абхаз парламентинде каралбай калды.

Грузиянын курамындагы Абхазия менен Түштүк Осетия өздөрүнүн көз карандысыздыгын 1990-жылдардын башында эле жарыялашкан. 2008-жылдагы Грузия менен болгон согуштун жыйынтыгында Орусия алардын көз карандысыздыгын таанып, эки республиканын аймагына тең орус аскерлери жайгашкан.

Кийинчерээк БУУга мүчө болгон дагы төрт мамлекет – Никарагуа, Венесуэла, Науру жана Сирия жикчил жумурияттардын көз карандысыздыгын тааныган. Улуттар Уюмунун документтеринде бул эки аймак Грузияга караштуу деп аталат. Тбилиси Абхазия менен Түштүк Осетияны орус армиясы басып алган деп эсептейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG