Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Ак-Суунун №3092 шайлоо тилкесинде бир да киши добуш бере элек   


Кыргызстандагы добушканалардын бири. 17-ноябрь, 2024-жыл.
Кыргызстандагы добушканалардын бири. 17-ноябрь, 2024-жыл.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке айылындагы №3092 шайлоо тилкесинде бюллетен чыгарган аппарат иштебей, шайлоочулар добуш бере элек. Райондук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Адилет Супатаевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, учурда бир нече адис иштеп, маселени чечүүгө аракет кылып жатат.

Бул шайлоо тилексинде 600дөн ашык шайлоочу катталган. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, №1 Тепке шайлоо округунда үч талапкер ат салышып жатат.

Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталды, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталат. Боршайкомдун маалыматына караганда, республика боюнча жалпысынан 2 миң 437 добушкана ачылды. Акыркы эсепте Кыргызстандагы шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039 деп эсептелген.

Президент Садыр Жапаров былтыр 30-декабрда кол койгон “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыктын негизинде өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгүн ирилештирүү башталган. Натыйжада 33 шаар жана 231 айыл өкмөтү уюшулган. Шаардык жана айылдык кеңештер таркатылып, 17-ноябрга кайра шайлоо дайындалган.

Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өтүүдө. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышууда. 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү. (KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG