Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:59

18:00гө карата шайлоочулардын 23,45% добуш берди


Кыргызстандагы добушканалардын бири. 17-ноябрь, 2024-жыл.
Кыргызстандагы добушканалардын бири. 17-ноябрь, 2024-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, саат 18:00гө карата 969 787 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 23,45% түзөт.

Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталды, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталат. Боршайкомдун маалыматына караганда, республика боюнча жалпысынан 2 миң 437 добушкана ачылды.

Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда да Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган кайрылуусунда жергиликтүү кеңештерди шайлоонун маанисине токтолуп, шайлоочуларды добуш берүүгө чакырды. 15-ноябрда Жапаров Ош облусундагы жаңы түзүлгөн Жаңы-Барак айылынын тургундары менен жолугушууда жергиликтүү кеңештерди шайлоого жарандарды активдүү катышууга үндөгөн.

17-ноябрда өзү добуш берүүгө келген маалда да президент шайлоо таза өтөрүн айтып, элди добуш берүүгө активдүү катышуу тууралуу чакырыгын кайталады. Садыр Жапаров Кыргызстандагы шайлоо системасы дүйнөдөгү бир топ өлкөлөрдөн алдыда экенин кошумчалады.

Президент Жапаров былтыр 30-декабрда кол койгон “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыктын негизинде өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгүн ирилештирүү башталган. Натыйжада 33 шаар жана 231 айыл өкмөтү уюшулган. Шаардык жана айылдык кеңештер таркатылып, 17-ноябрга кайра шайлоо дайындалган.

Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өтүүдө. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышууда. 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG