Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:39

Газа: Бейт Лахиядагы турак жайга сокку урулганы кабарланды


Бейт Лахиядагы турак жай соккудан кийин. Газа, 17-ноябрь, 2024-жыл
Бейт Лахиядагы турак жай соккудан кийин. Газа, 17-ноябрь, 2024-жыл

Газадагы дарыгерлер Рейтер агенттигине билдиргендей, жекшембиде Израилдин аскерлери Бейт Лахия шаарындагы көп кабаттуу турак жайга сокку урганда ондогон киши каза тапты же жарадар болду. Канча киши набыт болгону так айтыла элек. Палестинанын Чукул кырдаалдар кызматы ал имаратта 70 чакты киши жашаганын маалымдады. ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу көзөмөлдөгөн тилкенин өкмөттүк медиа кеңсеси 72 кишинин каза тапканын жазды.

Дарыгерлер менен жергиликтүү тургундар турак жайда кеминде алты үй-бүлө жашаганын айтышууда.

Израил азырынча соккуга байланыштуу комментарий жасай элек. Алар көп учурда ХАМАСтын медиа кеңсесин жоготуулардын санын ашырып көрсөтөт деп айыпташат.

Рейтер жарыялаган видеодо газалыктар урандылардын астынан сөөктөрдү алып чыгып атышканын көрүүгө болот.

Израилдин армиясы хамасчылардын кайра топтошуусун жана чабуулдарын алдын алуу үчүн Бейт Лахия менен жанындагы Бейт Ханун жана Жабалия качкындар лагерлерине өткөн айда танктарын жөнөткөнүн билдирген.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги согуш башталган былтыркы 7-октябрдан бери тилкеде 43 миң 800 кишинин өлүмү тастыкталганын маалымдады. Куралдуу жаңжал жоочулар Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 250дөн ашуунун барымтага алганда тутанган.

Шерине

XS
SM
MD
LG