Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

Абхазия: Орусия менен келишимге каршы митингчилер парламент короосуна кирип барышты


Сухуми. 2024-жылдын 15-ноябры.
Сухуми. 2024-жылдын 15-ноябры.

Грузиянын курамындагы Москва колдогон жикчил Абхазиянын борбор калаасы Сухумиде бир нече күндөн бери нааразылык акциясын улантып жаткан оппозиция өкүлдөрү бүгүн 15-ноябрда жергиликтүү парламент алдына чогулушту.

Алар бир нече өкмөтүк имаратты курчоого алганын, жүздөгөн киши топтолуп турганын "Эхо Кавказа" кабарлоодо.

Орусияга артыкчылып бере турган инвестициялык келишимден баш тартууну талап кылган митингчилер эртең менен парламенттин тосмосунун бир бөлүгүн машина менен сүрдүрүп, короосуна кирип барышкан.

Полиция менен тиреш учурунда жумуртка жана бөтөлкө ыргытышканда демонстранттарга каршы кулак тундуруучу каражаттар колдонулган. Айрымдар парламенттин жанында ок атылганын укканын кабарлашкан, кимдир бирөө жабыркаганы тууралуу маалымат болгон жок.

Москва менен инвестициялык долбоор боюнча мыйзам кабыл алына турган сессия үзгүлтүккө учурады. Абхазия бийлиги келишим республиканын экономикасына жакшы салым болорун айтууда. Оппозиция "республиканын кызыкчылыгы сатылып жатат" деп каршылыгын билдирүүдө.

Абхазия жана Түштүк Осетия Кавказдагы жикчил аймактар. Дүйнө өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын көбү аларды Грузиянын бир бөлүгү деп таанышат. Өз алдынча өлкө катары Абхазия менен Түндүк Осетияны алгач 2008-жылы Орусия кабыл алган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG