Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:53

Сирияда Израилдин соккусунан 15 киши каза болду, Ливанда да чабуул уланды


Дамаск шаары. 2024-жылдын 14-ноябры.
Дамаск шаары. 2024-жылдын 14-ноябры.

Сириянын борбору Дамаск шаарында Израилдин 14-ноябрдагы чабуулунан кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылганын Reuters кабарлады. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары турак үйлөр аткыланганын, ал эми Израил "Ислам жихады" тобунун кеңсесин жана аскердик объектилерин гана бутага алганын билдирип жатышат.

Соккуга шаардын батыш бөлүгүндөгү ал-Мазза жана Кадсая райондорундагы имараттар кабылганын SANA маалымат агенттиги жазды.

Израил Сириядагы Иран менен байланышы бар деп эсептеген объектилерге мурда да сокку уруп келген, бирок былтыркы октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСка (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) каршы операциясын баштаганда чабуулдарын күчөттү. Ал-Мазза шаарында "Хезболла" тобунун (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жана Ирандын "Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун" командирлери жашынып жүргөнү кабарланган. Дубалы бийик блокторду палестин топтору, анын арасында ХАМАС жана "Ислам жихады" да колдонуп жүрөрү айтылган.

Шаардын айрым жерлеринде жарылуу болду. Кээ бир жергиликтүү басылмалар Ливан менен чек арага жакын жердеги бир көпүрө толук талкаланганын жазышты.

Ал эми 15-ноябрда Израил Ливандын борбору Бейрутта соккуларын улантты. Шаардын четинде бир имарат кыйраганын жергиликтүү булактарына таянып Reuters жазды.

Анын алдында калкы жык жайгашкан, көп кабаттуу үйлөрдөн турган бул райондогу элге эвакуация тууралуу эскертилген. Ушул эле жерде полиция бекети жана бир нече ишкана жайгашкан.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG