Кыргызстанда быйылтан тарта ишке кирген салыктын түрлөрү - электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), электрондук эсеп-фактурасы (ЭЭФ) жана көзөмөл-касса машинеси (ККМ) ишке киргенден тартып, ишкерлердин насыя алуусу 67% көбөйдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-ноябрда Жогорку Кеңеште билдирип, салык төлөөнүн бул жолу аябай натыйжалуу болуп жатканын белгиледи:
"Буйруса дагы ыңгайлаштырабыз, жөнөкөйлөштүрөбүз. Биздин ишкерлер бир аз чыдаса, оңой болуп калат. ЭТТН, ККМ менен иштегенден бери ишкерлерибиз банктан насыяны оңой алып калышты. Булар канчалык ачыкка чыгып алса, ошончолук жеңил болот. Кечээ Бишкек шаардык кеңешине шайлоого бараткан бир партиянын программасын угуп отурсам, "эгер депутат кылып шайласаңар, ЭТТНди жоготобуз, илгеркидей жыргап жашайсыңар" деп күпүлдөп жатат. Илгеркидей салык төлөбөй, жыргай турган заман жок. Депутаттар да, депутат эместер да муну жокко чыгара албайт. Муну сиз жана биз бул жерден акылдашып, элге салып, анан гана алынышы мүмкүн", - деди Акылбек Жапаров.
Өкмөт салык системасында жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгында көмүскө экономиканын үлүшү 23 пайыздан 23 пайызга чейин азайып, жыйымдар 30-40 млрд сомго өскөнүн билдирип келет.
Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өткөргөн. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салык режимин же атайын салык режимин тандап, сөзсүз түрдө Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек.
Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар былтыр декабрда өкмөттүн бул демилгесине каршы нааразылык акцияларын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан.
ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салык документи. (ZKo)
Шерине