Жергиликтүү шайлоо: Талапкер суракта, бийликтин жообу
Жергиликтүү шайлоолорго үч күн калды. Бишкек шаардык кеңешине ат салышып жаткан Социал-демократтар партиясына байланыштуу окуялар өнүгүүдө. 14-ноябрда партиянын лидери Темирлан Султанбеков камалды. 13-ноябрда шаардык милиция партиянын штабында тинтүү жүргүзүп, добуш сатып алууга айыпталган эки адам камакка алынды. Президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик бул шайлоолор таза өтөрүн, ага эч ким кийлишпесин убада кылып жатат. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө шайлоо кампаниясы, соңку кырдаалды талкуулайбыз.
Шерине