Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

12-ноябрь: Мурдагы прокурор кармалды, Кытайда 35 киши набыт болгон кол салуу иликтенүүдө


Кытайдын Чжухай шаарындагы кол салууда жабыркагандар, 11-ноябрь, 2024-жыл
Кытайдын Чжухай шаарындагы кол салууда жабыркагандар, 11-ноябрь, 2024-жыл

12-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Абактагы ишкер Имамидин Ташов кыйноого кабылганын айтып, Башкы прокуратурагаарызданды

Ташовдун 5-ноябрда жазылган деп колу коюлган катынын көчүрмөсүн адвокаты Самат Матцаков "Азаттыкка" жиберди. Катта ишкер УКМКнын бир нече кызматкери 2023-жылы декабрь айында жана быйыл июнь айында издөөдө жүргөн Тилекмат Күрөңов менен телефон аркылуу байланышууга мажбурлашканын, кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлтүрүүгө буйрук бергенин видео камерага айтып берүүсүн талап кылып кыйнаганын белгилеген. Кыйноо көрсөттү деген кызматкерлердин аты-жөнүн жазып, Башкы прокурордон аларды жазалоону суранган. Бул кайрылуу тууралуу атайын кызмат комментарий бере элек. Ташовдун УКМК кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганы тууралуу апасына жазган каты 29-октябрдагы соттон кийин коомчулукка жарыяланган. УКМК ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылгандыгы чындыкка дал келбесин билдирген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Next TV телеканалын текшерүүдө мыйзам бузуу аныкталбаганын билдирди

Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Салкын Сарногоева Next TV телеканалын текшерүү боюнча "Азаттыкка" маалымат берип, көпчүлүк берүүлөрдү карап чыккандан кийин мыйзам бузуу аныкталбаганын билдирди. Буга чейин телеканалдын ээси, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкек шаарынын тургуну Адылбек уулу Санжардын арызынын негизинде Маданият министрлиги Next TV телеканалын текшере баштаганын билдирген. Министрликке тушкөн арызда Next TV телеканалы чет элдик маалымат каражаттарын “Настоящее Время”, “Азаттык Медиа”, ошондой эле “TMedia” жана “PolitKlinika” сыяктуу ЖМКлардын телепрограммаларын көрсөтүп, коомго туура эмес маалымат таратып жатканын, муну менен Next телеканалы жана "Арча Медиа" Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жатканы айтылган. Ошондой эле берүүлөрдүн көпчүлүгү орус тилинде көрсөтүлөрү жазылган. Равшан Жээнбеков аталган медиалар менен бир нече жылдан бери расмий келишимдердин негизинде иштеп жатканын айтып, министрликтин аракетин көз карандысыз маалымат каражатына жана өзүнө кысым катары баалаган.

Баш прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу менен кошо алты адам кармалганы белгилүү болду

Маалыматка караганда, баарына бирдей айып коюлуп, 10-январга чейин камакка алынды. Кармалгандардын аты-жөнү айтылган жок. Мунун алдында райондук сот ИИМ баш прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулун кармаганын билдирген. Райондук соттун маалыматында караганда, Адыл уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү ("Массалык баш аламандыктар"), 261-беренесинин ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") 1-бөлүгү, 263-беренесинин ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо") 2-бөлүгү, 326-берене ("Бийликти күч менен басып алуу") боюнча айып коюлууда. ИИМ, Башкы прокуратура, Кубан Адыл уулунун жан аны менен чогуу кармалгандардын адвокаттары, жакындары комментарий бере элек. Адыл уулу быйыл апрелде президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен баш прокурордун орун басары кызматынан алынган.

Садыр Жапаров эл аралык колдоо болсо өндүрүштөгү зыяндуу газды 44% азайтуу планын айтты

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн көлөмү соңку 70 жылда 16% кыскарып, айрым аймактарда дээрлик бардык мөңгүлөр жок болуп кеткен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 12-ноябрда Бакуда өтүп жаткан БУУнун климат саммитинде сүйлөгөндө айтты. Ал быйыл жылдын биринчи жарымында өлкөдө жер көчкүлөрдүн саны кескин өсүп, 300дөн ашык табият кырсыгы инфраструктуранын олуттуу бузулушуна, адамдардын каза болушуна жана кооптуу аймактарда жашаган миңдеген тургундардын көчүрүлүшүнө алып келгенин белгиледи. Жапаров Кыргызстан өндүрүштөгү зыяндуу газдарынын эмиссиясын 2030-жылга карата 16%, ал эми эл аралык колдоо болсо 44% кыскартууну пландап жатканын айтты. Кыргызстандын лидери анын өлкөсү энергиянын ьаза булактарын өнүктүрүүгө басым жасап жатканы тууралуу да маалымат берди.

Украинада Орусиянын соккусунан жаш келин үч баласы менен набыт болду

Кривой Рог шаарында ракеталык чабуулга кабылган беш кабаттуу үйдүн урандылары астынан 32 жаштагы келиндин жана анын 10 жаштагы, 2 жашар жана эки айлык балдарынын сөөгү табылды. Күйөөсү аман калганы белгилүү болду. Куткаруу-издөө иштери аяктаганын Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди. Украина Орусиянын баллистикалык ракетасы тийген беш кабат үйдүн бир бөлүгү толук ураганын кабарлады. Орусия бул боюнча комментарий берген жок. 12-ноябрда да Орусия Украинанын аймагына ракета жана дрон менен чабуул койду. Запорожьеде эки, Харьковдо үч, Донецкиде төрт жайкын тургун жараат алды. Донецк облусунда аба соккусунан 16 жаштагы жигит жабыркады. Shahed согуштук дрондорунан 110у учурулганы, анын 46сын атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү маалымдалды.

Израил Газадагы жана Ливандагы соккуларын улантты

Газа секторунун жарандык коргонуу мекемеси билдиргендей, шейшемби күнү эртең менен Израилдин бир нече соккусунан бул жерде кеминде 14 адамдын өмүрү кыйылды. Дагы ондогон киши жараат алганы кабарланды. Ливанда израилдик аскерлер "Хезболлага" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) каршы сокку урарын эскертип, жайкын тургундарды эвакуация болууга чакыргандан бир саатка жетпеген убакыттан кийин бутага борбор калаа Бейруттун түштүк тилкесин алганы белгилүү болду. Эки жолу урулган соккудан кийин ал жерлерди калың түтүн каптаган видеосун жарыялаган AFP анын алдында аткылоо да болгонун билдирди.

Чеченстанда үч активисттин абактагы апасына каршы жаңы иш ачылды

Саясий туткун, оппозиционер үч ага-ининин апасы Зарема Мусаевага каршы жаңы кылмыш иши козголду. Ал "абактын кызматкерине кол салган", "абактагы тартипти бузган" деп шектелүүдө. Бул айып менен, "Кыйноолорго каршы команда" уюмунун маалыматына караганда, активисттердин апасын беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратышы мүмкүн. 55 жаштагы Мусаева Аргун шаарындагы жатак абакта отурат. Ал "полиция кызматкерине кол салган" деп кармалып, кийин "алдамчылык кылган" деген да айып тагылган. Абак мөөнөтү 2025-жылдын март айына чейин деп чегерилген. Ал кант диабетинен жабыркайт. Абалы начарлагандыктан үйгө коё берүүнү бир нече жолу өтүнгөн. Мусаеванын үч уулу — Ибрагим, Абубакар жана Байсангур Янгулбаевдер Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындаганы үчүнайыпталган. Азыр алар чет жакта жашашат. Кадыров бул үй-бүлөнү жазалайм деп коркуткан. "Мемориал" укук коргоо уюму Мусаеваны саясий туткун деп тааныган.

Кытайда 35 өмүр кыйылган, 43 киши оор жараат алган кол салуунун себеби иликтенүүдө

Өлкөнүн түштүк аймагындагы Чжухай шаарында 11-ноябрдын түнүндө спорттук борбордун жанында машыгып жаткан топ адамды жолтандабас машина сүзгөн. Полициянын маалыматына караганда, машинанын айдоочусу, 62 жаштагы эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылган, азыр ал ооруканада жатат. Каза болгондордун көбү улгайган адамдар жана өспүрүм балдар экени аныкталды. Reuters агенттиги жарыялаган видеодон 20 чакты киши жерде жатканын, "Тез жардам" машинасы барганын, адамдар "террорчу" деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот. Кытайдын лидери Си Цзинпин жабыркагандарга тийиштүү жардам берүүнү жана кол салган адамды катаал жазага тартууну тапшырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG