Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Москвада улгайган дарыгер "фейк маалымат" деген айып менен соттолду


Надежда Буянова.
Надежда Буянова.

Орусияда аскерлер тууралуу "фейк маалымат тараткан" деген айып менен кармалган улгайган дарыгер, педиатр адис Надежда Буянова 5,6 жылга эркинен ажыратылганын 12-ноябрда "Свобода" радиосу жазды.

Прокурор аны алты жылга камоону суранган. Адвокат Оскар Чержиев бул өкүмдү "өтө катаал" деп атады.

68 жаштагы балдар доктуруна каршы айып анын бейтап баланын апасына айткан сөзү үчүн тагылганы маалымдалган. Тергөөнүн версиясына караганда, Буянова баланын Украинадагы согушта каза болгон атасы тууралуу сөзүндө ал украиндер үчүн "мыйзамдуу бута" болгонун айткан.

Бирок Буянова өзү тагылган айыпты четке кагып, согуш тууралуу да, баланын атасы жөнүндө да эч кандай сөз болбогонун, жалган жалаага кабылып жатканын айткан.

Быйыл январь айынын соңунда Москвада болгон окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Алгач дарыгерди камакка албоо чечими чыккан, бирок кийин ал соттун чечими менен тергөө абагына камалган.

12-ноябрда өкүм чыккан сот отурумуна 70 чакты киши барды, алар "Наалат!" деп кыйкырып, судьяга нааразылыгын билдиришти. Эки киши кармалып, тартип жазасына тартылганы маалымдалды.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкан. Ошондон кийин мындай кол салууну айыптап чыккандардын баарын "орус аскерлерин жаманатты кылды", "фейк маалымат таратты" деген айып менен камакка алууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG