Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:01

Алкогол ичимдиктерин мыйзамсыз өндүргөндөргө 1 млн сомго чейин айып пул салуу сунушталууда


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Алкогол ичимдиктерин мыйзамсыз өндүргөндөргө 1 млн сомго чейин айып пул салууну Экономика жана коммерция министрлиги сунуштап жатат. Бул тууралуу министр Данияр Амангелдиев 12-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди. Анын сөзүнө караганда, өзгөртүлүп жаткан мыйзамга алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүүнү тыюуну катаалдатуу беренеси киргизилген.

"Алкогол ичимдигин чыгарган завод менен катар эле цехтер да мыйзамсыз түрдө спирт ичимдиктерин чыгарып жатат. Атаандаштыкты теңдеш деп айтууга эч качан болбойт. Бул өтө кирешелүү бизнес. Ошондуктан жазасы да арбын болушу керек", - деди Данияр Амангелдиев.

Алкогол ичимдиктерин ири өлчөмдө (100 литрден ашуун) мыйзамсыз өндүрүргөндөргө 200 миң айып пул салынып, эки жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Эгер ири өлчөмдө (200 литрден ашуун) чыгарса, айып пулдун өлчөмү 500 миң сом болуп, беш жылга эркиндигинен ажыратылат. Эгерде мунун кесепетинен оор зыян келтирилсе, 700 миң сом айып пул салынып, өндүрүшчү 5-10 жылга эркиндигинен ажыратылат.
Эгерде алкогол ичимдигин мыйзамсыз өндүргөн тарап юридикалык жактардын жооптуу адамдары болсо, 1 млн сом (10000 эсептик көрсөткүч) өлчөмүндө айып төлөйт же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат орундарын ээлөө же ишкерлик кылуу укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

"Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 12-ноябрда Жогорку Кеңештин бир катар комитеттеринин кароосуна чыгарылды.

Мамлекеттик салык кызматы дүкөндөрдө жана базарларда сатылып жаткан ичимдиктердин 25% жасалма арак экени аныкталганын билдирген. Өкмөт алкогол өндүрүүчү ишканалар көмүскөгө көбүрөөк кирип, салыктан качып жатканын маалымдаган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG