Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Сокулукта окуучунун өлүмүнө шектүү сегиз жылга кесилди


Чүй облустук сотунун имаратындагы сот залы. Иллюстрация
Чүй облустук сотунун имаратындагы сот залы. Иллюстрация

Сокулук районунда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча соттун чечими чыкты.

Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы чечим 6-ноябрда чыкканын 12-ноябрда “Азаттыкка” билдирди.

Окуучунун өлүмүнө шектелген С.Б.Т. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Ден соолукка залал келтирүү”) 1-бөлүгү, 2-бөлүгүнүн 12-пункту жана 3-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга кесилди. Чечимде ал жалпы тартиптеги тарбиялык абакта жаза өтөй турганы белгиленген.

5-сентябрда Комсомол айылында 16 жаштагы улан 9-класстын бир нече окуучусун сабактан кийин чакырып, сабаганы кабарланган. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева “Азаттыкка” билдиргендей, окуучулардын бири сокку жегенден кийин жерге кулап түшүп, эсине келген эмес. Мугалимдер окуя тууралуу угуп, “Тез жардам” чакырганда ал өзүнө келбей каза болгон.

Чүй облустук милициясы бул факты боюнча алгач Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кийин аны 130-беренеге ("Ден соолукка оор залал келтирүү") өзгөрткөн.

Шектүү кармалып, эки айга камалган. Кыргызстанда мектеп курагындагы балдар, өспүрүмдөр арасында чоң муштумдук, өкүмзордук маселеси дайыма талкууланып келет.

Беш жыл мурун ЮНИСЕФ уюму кыргызстандык окуучулардын 83% мектепте курбуларынын зомбулугуна кабылганын айтышканы тууралуу баяндама чыгарган. Ички иштер министрлиги жыл өткөн сайын мындай көрүнүш кыскарганын билдиргени менен, окуялар дагы эле катталып келет. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG