Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:56

Орусия Молдовага жөнөткөн байкоочулары "кастык мамилеге" туш болгонун билдирди


Майя Санду.
Майя Санду.

Орусия Молдовадагы президенттик шайлоого көз салуу үчүн барган байкоочулары "кастык жана басмырлоо" мамилесине туш болгонун айтып, 6-ноябрда бул өлкөнүн элчисин Тышкы иштер министрлигине чакыртты. Мекеменин маалыматына караганда, элчи Лилиан Дарийге расмий Кишиневдун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) мониторинг миссиясынын курамында барган орусиялык кыска мөөнөттүү байкоочуларга карата мамилеси үчүн "чечкиндүү протест" айтылды.

Шайлоонун биринчи туру өтүп жатканда Орусиянын эл аралык макамдагы беш байкоочусуна аккредитация берилбей койгону, ал эми экинчи туру алдында үч байкоочуга Молдова аймагына кирүүгө уруксат берилбегени белгиленди.

Молдовада 3-ноябрда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, азыркы мамлекет башчы Майя Санду добуштардын 55,4%, ал эми анын атаандашы, орусиячыл саясатчы Александр Стояногло 44,6% алды. Сандуну колдогондор борбор калаа Кишиневдо жана чет жакта жашагандар арасында көп болду.

Орусиянын кийлигишүүсү, добуштардын бурмаланышына катышуусу тууралуу айыптоолор айтылган бул шайлоо жараянынын жыйынтыгында Санду: “Молдова, сен жендиң!” - деп жарыялады.

Молдова полициясы мурдагы депутат, жемкорлук үчүн сыртынан соттолгон, быйыл Орусиянын жарандыгын алган олигарх Илан Шорду президенттик шайлоо жана референдум учурунда добуш сатып алууга миңдеген молдовалык жарандын банк эсебине соңку эки айда кеминде 39 миллион доллар которулганы үчүн айыптаган.

Орусия Евроинтеграция жолуна түшкөн Молдованын ичине бүлүк салып, шайлоо жараяндарына тымызын кийлигишип, Кишиневду өзүнүн таасири алдында кармоого аракет кылып жатканы буга чейин да айтылган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG