Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:32

Грузияда байкоочулардын арызы сотто четке кагылды


Грузия.
Грузия.

Грузияда байкоочулардын бир нече шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчү сотто четке кагылды. Бул тууралуу бүгүн 6-ноябрда "Азаттыктын" грузин кызматы жазды.

Добуш берүүнүн купуялыгын сактоо тууралуу эрежелер бузулганын айткан байкоочулар Гори шаардык сотуна кайрылышкан.

Оппозиция 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткан жана өтө көп алдамчылык, бурмалоо менен уюштурулган бул өнөктүктө бийликти 12 жылдан бери башкарып келе жаткан, Москва менен ынак мамиледеги "Грузин кыялы" партиясы жеңүүчү деп жарыяланышына каршы чыккан.

Аталган партияга добуштардын 54% тийгени шайлоочулардын чыныгы маанайын билдирбей турганын өлкө президенти, батышчыл саясатчы Саломе Зурабишвили да белгилеген жана өнөктүккө Орусия кийлигишкенин айткан.

Мониторинг жүргүзгөн уюмдардын "Менин добушум" деп аталган коалициясы байкоочулары 1131 участокто 900дөн ашуун мыйзам бузуу катталганын аныкташканын билдирген. Уюм Гори шаардык сотуна кайрылып, Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) сотко берген. Эми аталган коалиция апелляциялык арыз менен кийинки инстанцияга кайрыларын маалымдады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы арыз Тетрицкаро шаардык сотуна да берилген. Бул сот "Жаш юристтер ассоциациясы" берген арызды карап, анда келтирилген аргументтер жүйөлүү деген бүтүмгө келген. БШК соттун мындай чечимине каршы чыккан.

Бүгүн 6-ноябрда да борбор калаа Тбилисиде ондогон киши катышкан нааразылык акциясы уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG