АКШнын көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинен Associated Press жана CNN маалымдагандай, 5-ноябрдагы шайлоонун баштапкы жыйынтыгы менен Дональд Трамп жеңишке жетүү үчүн зарыл болгон шайлоочулар коллегиясынын 270тен кем эмес добушун алып, атаандашы Камала Харристен озуп чыкты. Азыркы саатка карата ага берилген добуштардын саны 277ни түзүүдө.
Республикачылардын талапкери, мурдагы президент Дональд Трамп жеңгенин өзү да шайлоочуларынын алдына барып жарыялады.
Демократтар партиясынын талапкери, азыркы вице-президент Камала Харрис азырынча билдирүү жасай элек.
Трамп Флорида штатындагы эл менен жолугушуусунда: "Биз балдарыбыз татыктуу жана силер татыктуу болгон күчтүү, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн Американы жаратмайынча тынчыбайм", - деп айтып, шайлоо алдында берген негизги убадаларын кайталады.
Республикачылар партиясы Сенаттагы шайлоодо да ийгиликке жетишип, добуштардын көпчүлүгүн алды.
Дүйнө лидерлери Трампты куттуктап, АКШ менен кызматташтыктын келечеги боюнча каалоо-тилектерин айтып жатышат.
5-ноябрда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен АКШнын кезектеги президенти ким болору, Өкүлдөр палатасындагы бардык 435 орунду алдыдагы эки жыл жана 100 орундуу Сенаттын үчтөн бирин алты жыл ким ээлей турганы аныкталууда. Мамлекет башчысы төрт жылга шайланат. Конгресстин жаңы курамы ишке жаңы жылдан тартып киришет. (RK)
Шерине