Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Орусияда "чыккынчылык" деген айып менен дагы бир кызматкер соттолду


Орусияда "мамлекетке чыккынчылык кылды" деп кармалган дагы бир киши соттолду. "Свобода" радиосу 5-ноябрда жазгандай, Свердлов облустук соту "Уралвагонзавод" ишканасынын мурдагы инженери Данил Мухаметовду шарты катаал колонияга 16 жылга кести. Мындан тышкары ал 300 миң рубль өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Тергөөчүлөр Мухаметовду жана анын жубайын "украин чалгынчыларына купуя сыр болгон маалыматтарды өткөрүп беришкен" деген айыпташкан. Жубайы Виктория Мухаметова 12,5 жылга соттолгон.

Жубайлар Нижний Тагил шаарында "Уралвагонзаводдо" иштеген. Бул заводдо аскер продукциясы өндүрүлөт, анын ичинде танк жасалат.

Соттук териштирүү жабык өттү.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Ошондон бери согушту айыптаган, бийликти бул үчүн сындаган жарандары ар кандай кине менен кармалып, камакка алынууда. Быйыл биринчи жарым жылдыкта "мамлекетке чыккынчылык" деген айып менен 52 киши сот жообуна тартылды. Былтыркы жылдын алгачкы алты айына салыштырганда бул 3,5 эсе көп экенин "Важные истории" басылмасы эсептеп чыкты. 2023-жылы жалпысынан 39 киши соттолгон. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG