Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

"Мемориал": Чеченстанда эркектерди жапырт кармап кетип жатышат


Орусия.
Орусия.

Орусиянын курамындагы Чечен Республикасында Росгвардиянын машинасы кол салууга кабылган окуядан кийин эркектер жапырт кармалып жатканын 5-ноябрда"Свобода" радиосу "Мемориал" адам укугун коргоо борборунун маалыматына таянып жазды.

Борбор билдиргендей, Грозный районунда "жүздөгөн киши" кармалды. Полиция бөлүмдөрүндө аларга "же фронтко барасың, же сага каршы кылмыш иши козголот" деп коркутушкан. Толугураак маалымат алуу мүмкүн эмес экени, себеби кармалгандардын жакындары бир нерсе айтса алардын абалы ого бетер оорлошунан чочулап жатышканы белгиленди.

"Мемориал" майыптыгы бар, 42 жаштагы Ризван Батыровдун окуясын мисал келтирди. Аргун шаарынын тургуну, 82 жаштагы апасы менен чогуу жашаган Батыровго полиция кызматкерлери үйүнө бир нече жолу барып, акыры короосун курчоого алып, өзүн апасынын көзүнчө сабап, алып кетишкени, анын телефонунан шектүү бир нерсе табылганын жүйө келтиришкени белгилүү болду.

Быйыл 24-октябрда аталган райондо Росгвардиянын машинасы аткыланган. Бир киши каза тапканы, дагы бир киши жараат алганы, кол салгандар качып кеткени, алар табылбай жатканы маалымдалган.

"Мемориалдын" жеке булактары "Республиканын тургундары арасында бул кол салууну күч кызматкерлери өзүлөрү уюштурганы, муну менен алар "тазалоо" жүргүзүп, Украинага жөнөтүү үчүн адамдарды топтоп жатышканы тууралуу пикир бар", - деп айтып берген.

Полициянын рейддери бул аймакта кол салуудан эки күн өткөндөн кийин башталган. "Чечен эрежелерин бузду" деген айып менен аскерге жарамдуу курактагы эркектерди кармап кетип жатышат. Полиция бөлүмүнөн алардын телефондорун текшергенде чечен бийлигин сындаган Telegram каналдарды окуп жүрүшкөнү аныкталганы кабарланууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG