Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Газада дагы 30дай адам каза болгону кабарланды


Газа.
Газа.

Газа секторунда кечээтен бери Израилдин соккуларынан кеминде 30дай кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына таянып 5-ноябрда Reuters билдирди.

Он киши эртең мененки чабуулдан мерт кеткени, 20 чакты адам шейшембиге караган түнкү соккулардын курмандыгы болгону, каза тапкандардын арасында аялдар жана балдар да бар экени маалымдалды.

Израил бутага согушкерлердин курал-жарак сактаган жайы алынганын, жайкын тургундардын жабыркашына жол бербөө үчүн бардык аракет көрүлгөнүн кабарлады. Газадагы чабуулдарын Израил бир ай мурда күчөткөн.

Бир жыл мурда бир күндө 1200дөй кишисинен айрылган кандуу кол салуудан кийин Израил Газада жана Ливанда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобуна жана "Хезболлага" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) каршы күрөшүп жатканын билдирүүдө.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.

Ливандын аймагында, бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, соңку бир жылда Израилдин чабуулдарынан кеминде 3 миң адамдын өмүрү кыйылды, дагы 13 миндей киши жараат алды. Ал эми Газада каза тапкандар 43 миңден ашканын палестин өкүлдөрү кабарлоодо. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG