Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:48

Орбан Венгрия Украинадагы согуштун токтошуна кызыкдар экенин айтты


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Венгрия Украинадагы согушту токтотууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 5-ноябрда Кыргызстандагы расмий сапарында президент Садыр Жапаров менен жолугушуудан кийин журналисттерге билдирүүсүндө айтты.

“Биз силердин позицияны сыйлайбыз. Сиздер тынчтык тарапта турасыздар. Биз дээрлик 1000 күндөн бери аскердик жаңжалдын күбөсү болуудабыз. Украина биздин коңшу. Бул согуш Венгриянын кызыкчылыктарына каршы келет. Биз бул кырдаалдын токтошуна кызыкдарбыз. Кыргызстан да тынчтык тарапта экенине кубанычтабыз. Биз дүйнөдө тынчтык үчүн күрөшкөндөрдүн катарындабыз”, – деди Виктор Орбан.

Орусиянын армиясы Украинага 2022-жылы 24-февралда басып кирген. Ошондон бери согуш уланууда. Эки тараптан тең миңдеген адамдар набыт кетти.

Украина Орусиянын кол салуусунан улам 585 баланын өмүрү кыйылып, дагы 1664ү ар кандай жараат алганын билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров буга чейин расмий Бишкек Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда бейтарап позицияны карманарын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG