Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:51

Украина Орусиянын соккусунан алты киши каза болгонун билдирди


Украина.
Украина.

Украинада 5-ноябрда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Запорожье шаарында Орусиянын ракеталык соккусунан кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды, дагы тогуз киши жараат алды. Бул тууралуу аймактын администрация башчысы Иван Федоров Telegram каналына жазды.

Ракета түшкөн жерде өрт чыкканы, орус аскерлери бутага инфраструктура объектисин алганы белгиленди.

Согуш башталганга чейин калкы 700 миңдей болгон бул шаар Запорожье атомдук станциясынан болжол менен 55 чакырым аралыкта жайгашкан. Европадагы ири АЭС Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери орус тараптын көзөмөлүндө турат.

Борбор калаа Киевдин мэри Виталий Кличко шаар Орусиянын учкучсуз учактарынын эки толкун болуп урулган соккусуна кабылганын билдирди.

Өлкөнүн экинчи ири шаары Харьковдо эки аял жараат алганын мэр Игорь Терехов маалымдады.

Орусия соңку апталарда Киев, Харьков жана башка шаарларды дээрлик күн сайын аткылоодо.

Украинанын Аскердик-аба күчтөрү Одесса, Киев, Сумы, Полтава, Житомир, Черкасск, Чернигов жана Хмельницкий облустарына учурулган 79 согуштук дрондун 48и атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Өлкөнүн дан жана башка продукциясы экспорттолуучу негизги порту Одессада "Кинжал" ракеталарынан экөө атып түшүрүлдү.

Ал эми Орусия Украина менен чектеш тилкесиндеги Брянск облусунда украиндердин учкучсуз алты учагы кармалганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG