Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Кыргызстандын 76 миң жараны Орусиянын "кара тизмесинде"


Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын 1-октябрына карата Кыргызстандын 76 миң жараны Орусиянын "кара тизмесине" киргизилген. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 5-ноябрдагы брифинг учурунда билдирди. Мындан сырткары Кыргызстандын тартип коргоо органдарында тобокел аймагына кирген жарандардын тизмеси дагы бар. Ага Орусиянын аймагында жүрүп, административдик тартип бузду делген 70 миңден ашуун киши киргизилген.

Дарманкул уулунун айтымында, жакын арада Кыргызстандын чет өлкөдө жүргөн жарандары "кара тизмеде" бар-жогун өздөрү Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун сайтынан текшере алышат. Сайт качан иштей турганы айтылган жок.

Маалыматка караганда, учурда Кыргызстандын 600 миңдей жараны чет өлкөлөрдө жүрүшөт, алардын 330 миңден ашууну Орусияда.

"Бул сан өткөн жылга салыштырмалуу 65 миңге кыскарган. Ушул тапта биздин жарандардын Орусиядан кетип жатканы байкалууда. Ошол эле учурда алар башка өлкөлөргө, Европа, Азияга багыт алууда", - деди Дарманкул уулу.

Эмгек мигранттарынын Орусиядан чыгып кетип жатканы 2022-жылдан кийин байкалган. Буга орус-украин согушуна байланыштуу мобилизация, миграциялык мыйзамдардын катаалдашканы,"Крокус Сити" борборунагы чабуулдан кийинки рейддер себеп болгон.

Быйыл жазында "Крокус Сити" борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган чабуул үчүн кармалгандардын көбү тажикстандык мигранттар экени белгилүү болгондон кийин Орусияда Борбор Азиядан баргандарга мамиле катаалдаган.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды зарыл иши болбосо Орусияга барбай турууга чакырган. Аталган мекеме муну Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши менен түшүндүргөн. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG