Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

Орусия Украинадагы согушка катышкан 3344 чет элдикке паспорт берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда президент Владимир Путиндин Украинадагы согушка катышкандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө паспорт берүүгө жол ачуучу жарлыгына ылайык, быйыл жыл башынан бери 3344 чет өлкөлүккө орус жарандыгы берилди. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.

Бул аскер кызматкерлеринин гана саныбы же алардын жакындарын кошкондогу жалпы көрсөткүчпү, Волк тактап айткан жок.

Путин орус армиясы же орусиячыл аскердик түзүмдөр менен бир жылдык келишим түзгөн аскер кызматкерлерине жарандык ыйгаруу тууралуу мыйзамга 2022-жылы кол койгон.

Украинага каршы согуш ачкандан бери Орусияда бул өлкөнүн паспортун алып, бирок аскердик каттоого турбай койгондорду жарандыктан ажыратуу боюнча да мыйзам кабыл алынган. Быйыл сентябрь айында Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул мыйзам аткарыла баштаганын билдирген.

Орусиянын жарандыгын алган чет өлкөлүктөрдү паспортунан ажыратууга негиз болуучу себептер тизмеси кеңейтилген. ИИМдин маалыматына караганда, быйыл сегиз айда 1117 киши Орусиянын жарандыгынан ажыратылды. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG