Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Иранда кылмышка шектелген жөөт жигит өлүм жазасына тартылды


Арвин Гахремани.
Арвин Гахремани.

Израил менен мамилеси курчуп турган Иранда адам өлүмүнө шектелген жөөт жигит дарга асылды. Жакындары ага коюлган мындай айып негизсиз экенин, анткени ал кол салууга кабылганын, өзүн өзү коргоого аракет кылганын айтып жатышат. Бул тууралуу 4-ноябрда "Фарда" радиосу кабарлады.

Ирандын сот системасы менен байланыштагы Mizan маалымат агенттиги өлкөнүн батыш бөлүгүндө жайгашкан Керманшах шаарынын прокурору Хамидреза Кариминин айткандарына таянып жазгандай, 23 жаштагы Арвин Гахремани өлүм жазасына 4-ноябрда тартылды.

Окуя 2022-жылы Керманшахта, спорттук залдардын биринин жанында болгон. Жергиликтүү жөөт коомчулугунун өкүлү, ал кезде 18 жаштагы Гахремани акча карыз киши менен уруша кетип, ага бычак менен кол салган деп айыпталган. Бирок жигиттин жакындары ал өзү бычакчан кишинин кол салуусуна кабылганын, өзүн коргогонун, урушкан кишинин өмүрүн сактап калууга аракет көргөнүн айтышкан.

Каза тапкан киши мусулман үй-бүлөдөн болчу. Өлүм жазасына тартуу тууралуу өкүмдү адвокаттар жокко чыгарууга аракет кылышкан, бирок натыйжа болгон эмес.

Укук коргоочулар Иранда мусулман эместердин жазасы катуураак экенин айтышат.

Кеңсеси Норвегияда жайгашкан ирандык укук коргоо тобу Гахремани өлүм жазасына тартылган өкүмдү айыптап, ал 23 эмес, 20 жашта болгонун белгиледи жана бычак менен кол салуу алгач ага карата жасалганын белгиледи.

Иранда жөөттөр коомчулугу азчылыкты түзөт. Калкы 92 миллион адам болгон бул өлкөдө алар 20 миңдин тегерегинде. 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин Ирандагы көпчүлүк жөөттөр өлкөдөн чыгып кеткен.

Былтыркы кандуу окуядан бери Израил Иран колдогон ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) жана "Хезболла" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) топторуна каршы согушууда.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG