Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:46

Акын Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейи оңдолуп, кайра ачылды


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тараткан сүрөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тараткан сүрөт.

Акын Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейи оңдоп-түзөөдөн кийин 4-ноябрда ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Имаратты оңдоого Түрк маданияты жана мурасы фонду көмөктөшкөн. Учурда үй-музейде эки миңден ашык экспонат, анын арасында акындын кол жазмалары жана колдонгон буюм-тайымдары коюлган.

Алыкул Осмоновдун үйү.
Алыкул Осмоновдун үйү.

Алыкул Осмонов жашап өткөн үй-музей акыркы жолу 2000-жылы оңдолгон. Андан мурда ал оңдоло турганы бир нече жолу айтылып, ишке ашкан эмес.

Бишкектеги Сокулук көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан үйдү акын 1945-жылы сатып алган. 1950-жылы сөөгү ушул үйдөн чыккан. 2001-жылы шаардын менчигине өткөрүлүп, үй-музейи уюштурулган. Ал жерде акындын кол жазмалары, китептери, сүрөттөрү, буюмдары сакталып турат.

Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында узакка созулган оорудан кийин каза тапкан.

Ырлары менен окурмандардын сүймөнчүгүнө айланган акын ондон ашуун китеп чыгарып, Пушкин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын чыгармаларын кыргызчалаган.

Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасы анын котормосунда эң мыкты экени айтылып келет. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмалары да кыргыз көрүүчүлөрүнө Осмоновдун котормосунун негизинде сахналаштырылган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG