Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Макрон Молдова элин Еврошаркетке карай жолун улантууга чакырды


Эммануэл Макрон жана Майя Санду.
Эммануэл Макрон жана Майя Санду.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон молдовалыктарды Европа Биримдигине карай интеграция жолун улантууга чакырды. 1-ноябрда ал Х социалдык түйүнүнө "Европа жолу эркиндиктин жана демократиянын жолу, жалпы келечектин өзөгү" экенин жазды.

"Молдова үчүн да, аны менен кошо биздин жалпы Европабыз үчүн да азыркыдай чечүүчү учурда мен Молдованын жарандарына кайрат жана үмүт каалайм", — деп белгиледи Макрон.

Франция президентинин бул кайрылуусу мурдагы советтик республикалардын арасынан дагы бир өлкөдө - Грузияда батышчыл оппозиция Орусия кийлигишкени айтылган парламенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин Молдовадагы добуш Европанын биримдиги үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөүүдө.

20-октябрда Молдовада президенттик шайлоонун биринчи турунда өлкөнүн евроинтеграциясын жактаган азыркы башчы Майя Санду добуштардын 42,49%, ал эми анын негизги атаандашы, социалист, Орусия колдогон саясатчы, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 25,9% алган.

Шайлоонун экинчи туру 3-ноябрда өткөнү жатат.

Ошол эле күнү Молдовада өлкөнүн Европа багытын бекемдөөнү көздөгөн референдум өткөн. Жыйынтыгында "Ооба" дегендер 50,38% жетип, көпчүлүктү түзгөн. "Каршы" деген добушун бергендер менен ортодогу айырмачылык өтө аз болуп чыккан.

Санду бул добуш берүү күнү да, ага чейин да Молдова Орусия артында турган күчтөрдүн өтө чоң басымына, кийлигишүүсүнө кабылганын айткан, мындай болорунан кооптонуусун ал буга чейин да билдирген.

Орусия Молдовадагы шайлоо жараянына кийлигишүү тууралуу айыптоолорду четке кагууда.

Добуштардын саны жагынан Сандудан жана Стояноглодон кийинки орунга ишкер Ренато Усатый чыккан. Ага добуштардын 14% тийген. Бул талапкер экинчи турга чыккан саясатчылардын эч кимисин колдогон жок, шайлоочуларын өзүлөрү каалагандай добуш берүүгө чакырды.

Молдова полициясы мурдагы депутат, жемкорлук үчүн сыртынан соттолгон, быйыл Орусиянын жарандыгын алган олигарх Илан Шорду быйылкы президенттик шайлоо жана референдум учурунда добуш сатып алууга миңдеген молдовалык жарандын банк эсебине соңку эки айда кеминде 39 миллион доллар которулганы үчүн айыптоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG