Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Газада Израилдин соккуларынан 60тай кишинин өмүрү кыйылды


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторунда кечээтен бери Израилдин соккуларынан 60тан ашуун кишинин өмүрү кыйылганын 1-ноябрда Reuters маалымат агенттиги жергиликтүү медицина мекемесине таянып билдирди. Дагы ондогон киши жараат алганы кабарланды.

Жумага караган түнү жана эртең менен сектордун борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат качкындар лагеринин аймагына, ал-Завайда шаарына жана түштүк тилкедеги Дейр-ал-Балах шаарына чабуул коюлганы маалымдалды.

Израил Газанын борбордук бөлүгүндө жана түндүктөгү Жабалия районунда террорчулардын очогун жок кылганын билдирди.

1-ноябрда Израил Ливанга да соккуларын кайрадан улантканын, бир апта тыныгуудан кийинки чабуулдан он чакты жерде жарылуу болгонун, өрт тутанганын, бутага борбор калаа Бейруттун чет жакасы алынганын жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлашты.

Ливандын премьер-министри Нажиб Микати Израил "көшөрүп", кепке келбей жатканын айтууда, ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху "эч кандай басымга же чектөөгө карабастан" өлкөсүнүн коопсуздугу үчүн күрөшүү артыкчылыктуу багыт бойдон кала берерин белгилөөдө.

Ири саясий өнөктүк - президенттик шайлоо алдында турган АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракетинен майнап чыга элек.

Бир жыл мурда бир күндө 1200дөй кишисинен айрылган кандуу кол салуудан кийин Израил Газада жана Ливанда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобуна жана "Хезболлага" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) каршы күрөшүүдө.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар. (RK)

XS
SM
MD
LG