Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:52

Орусия мигранттар боюнча статистикасын жарыялабай калды


Орусия. Мигранттар.
Орусия. Мигранттар.

Орусиянын Росстат мекемеси өлкөдөгү миграциялык абал тууралуу ай сайын жарыялап келген статистикалык маалыматын эми чыгарбай калганын бүгүн 1-ноябрда "Свобода" радиосу демограф адис Алексей Ракшанын жазганына таянып кабарлады.

Росстаттын Орусиядагы социалдык-экономикалык абал тууралуу баяндамаларында миграция боюнча статистика "Демография" деген бөлүмгө жарыяланчу жана адатта бир нече беттен турчу. Ал жерде ички миграция, Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен (КМШ) жана башка чет мамлекеттерден баргандар боюнча маалымат жарыяланып турган.

Быйылкы жылдын январь – сентябрь айларындагы соңку статистикасында Росстат демография тууралуу бөлүмдү бир эле бет кылып кыскартып жазды, миграция боюнча маалымат методологиялык түшүндүрмө катары гана келтирилди.

Демограф Алексей Ракшанын айтымында, акыркы жарыяланган миграциялык статистика Орусияга киргендер менен бул өлкөдөн чыккандардын саны дээрлик бирдей болуп турганын көрсөткөн. Адистин пикиринде, Росстат эми калктын жалпы саны боюнча маалыматын да чыгарбай калышы ыктымал.

Ал эми каза болгон орусиялыктардын саны жана өлүмдүн себептери боюнча жыл сайын жарыялануучу маалымат быйыл июль айында статистикадан көрсөтүлбөй калган.

2022-жылы февралда Орусия Украинага каршы согуш ачып, ошол жылдын күзүндө мобилизация жарыялагандан берки жоготууларынын масштабы тууралуу эркин журналисттер дал ошол статистикалык расмий маалымат негизинде жазып келишкен.

Быйыл жазында "Крокус Сити" борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган чабуул үчүн кармалгандардын көбү тажикстандык мигранттар экени белгилүү болгондон кийин Орусияда Борбор Азиядан баргандарга мамиле катаалдаган. Орусия мигранттарды Украинадагы согушуна да түрдүү шылтоо менен тартууда. (RK)

XS
SM
MD
LG