"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орусиялык кызматынын ("Свобода") журналисти Иван Трефилов 58 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу "Свобода" радиосу 29-октябрда кабарлады.
Иван Трефилов Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктап, "Эхо Москвы" радиостанциясында жана "Сегодня" гезитинде эмгектенген. "Сводоба" менен 2001-жылдан бери кызматташты.
Ал радионун Москвадагы бюросунда алгач катардагы кабарчы, кийин баяндамачы, сайттын экономика бөлүмүнүн алып баруучусу болуп иштеди. Радионун маалымат кызматынын алдыңкы кызматкерлеринин бири болгон. 2016-жылдан кийин Москва бюросунун маалымат кызматын жетектеди. 2022-жылдан тартып "Свободанын" Ригадагы бюросунда эмгектенип жаткан.
Иван Трефилов Орусиядагы орчундуу окуяларды, саясат, экономика, адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрдү чагылдырып иштеди. (RK)
Шерине