Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Пакистанда эки жердеги кол салуудан он чакты киши мерт болду


Белужистан. Архив сүрөт.
Белужистан. Архив сүрөт.

Пакистанда беш адамдын өлүмүнө алып келген кол салуу болгонун “Машаал” радиосу кабарлады. Бүгүн 29-октябрда өлкөнүн түштүгүндөгү Белужистан провинциясындагы суу сактагычтардын биринде курулуш жүрүп жаткан жерге куралчан адамдар тобу чабуул койгон.

Окуя болгон Панжгур району Пакистандын Иран менен чектеш тилкесинде жайгашкан.

Азырынча бул кол салууга аймактагы куралчан топтордун эч кимиси жоопкерчилик ала элек.

Жаратылыш кендерине бай Белужистан быйыл жыл башынан бери бир нече жолу куралдуу чабуулга кабылды.

Бул аймакта Пакистан өкмөтү өзүн «Белужи боштондук армиясы» (BLA) деп атаган жикчил топко (АКШда глобалдык террордук топ деп жарыяланган) каршы күрөшүүдө.

11-октябрда Дуки районунда 20 кенчинин өмүрү кыйылган. Ал кол салуу үчүн да жоопкерчиликти эч ким алган эмес.

Түрдүү кол салууга Пакистандын аймагында иштеген кытайлык жумушчулар да кабылууда. Кытай жакында Пакистанда эки жараны каза тапкан окуяны «террордук акт» деп атаган. Пакистандын ири шаары Карачиде 6-октябрдын кечинде аэропортко жакын аймакта катуу жарылуу болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти BLA алган.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясындагы чыңалган кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Ушул эле күнү, 29-октябрда Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп жаткан медицина кызматкерлерин кайтарып жүргөн эки полиция кызматкери өлтүрүлдү. Аларга ок чыгарган үч киши ошол жерден жок кылынды.

Ислам динине жамынган экстремисттер «Шал оорусуна каршы эмдөө мусулман балдарын тукумсуз кылат» деген шылтоо менен эмдөө өнөктүгүнө бут тоскон, дарыгерлерге жана ыктыярчыларга кол салып, жардырып, өлтүргөн окуялар бул өлкөдө көп катталат.

Пакистан менен Ооганстан — дүйнөдө шал оорусу толук жоюла элек жалгыз эки өлкө. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG