Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:50

29-октябрь: Беш кишиден генерал наамы алынды, Иранда теги ирандык немис жараны өлүм жазасына тартылды


Мирлан Каниметов жана Алмазбек Орозалиев
Мирлан Каниметов жана Алмазбек Орозалиев

29-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Президент беш кишини генерал наамынан ажыратты

Президент Садыр Жапаров ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Алмазбек Орозалиевди, Мирлан Каниметовду, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Малик Нурдиновду милициянын генерал-майору наамынан ажыратты. Андан тышкары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Талантбек Салиев менен УКМКнын 9-кызматынын экс-жетекчиси Санжарбек Эркинбаевдин генерал-майор аскердик наамы алынды. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов аскердик наамдар убагында мыйзамсыз берилген деген негиз менен алынганын айтты. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында - 2020-жылдын 14-октябрында сөз болуп жаткан беш адамга наам ыйгарган.

Коррупциядан бюджетке 46 млрд сом өндүрүлдү

Финансы министри Алмаз Бакетаев Кыргызстанда коррупциядан бюджетке 46 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирди. Бирок бул каражат канча убакыт ичинде кайтарылганын тактаган жок. Ал андан тышкары убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бир катар мүлктөр да мамлекетке алынганын кошумчалады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев июль айында 2024-жылдын алты айында атайын кызмат бюджеттен 70 млрд сомдон ашык каражат уурдалганын аныктап, анын 50 млрд сомун өндүрүп казынага өткөрүп бергенин айткан. УКМК 50 млрд сом кайсы иш боюнча кимдерден өндүрүлгөнү тууралуу маалымат берген эмес. Коомдо коррупцияга каршы күрөш ачык-айкын, кармалган шектүүлөрдүн мамлекетке төккөн каражаты мыйзам чегинде болушу керек деген пикирлер айтылып келет.

УКМК “Оберон” базарлары боюнча маалымат берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы “Оберон” ишканасынын жерлеринин мамлекетке алынышы боюнча маалымат берди. Атайын кызмат “Оберон” компаниясы “Дордойдон” 6,42 гектар жана “Орто-Сайдан” 1,68 гектар жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталганын билдирди. “Оберондун” ээлери жерлерди 1998-жылы ижарага алып, кийин кызмат адамдары менен сүйлөшүп менчикке өткөрүп алганы такталганын кошумчалады. Ошентип, 3 млрд 889 млн сом болгон жалпы аянты 8,1 гектар жер мамлекетке кайтарылды. “Оберон” базарларынын ээси Нуржамал Байболова Бишкек мэриясы менен соттошуп, эки инстанцияда тең утулуп калганын билдирип, соттун чечимдерин акыйкатсыз деп атап, мэриянын аракетин менчик укугуна кол салуу деп баалады.

Жоголгон ата-баланы издөөгө жүздөй киши тартылды

16-октябрда мал кайтарганы кетип, дайынсыз кеткен Жумгалдын Өрнөк айылынын тургундары Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзатты издөө уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы 29-октябрда издөө иштерине 46 куткаруучу, алты дрон, Ички иштер министрлигинин 38 кызматкери жана 10 жергиликтүү тургун катышып жатканын билдирди. 45 жаштагы Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрда мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз болууда. Буга чейин президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген.

Түштүк Корея Москва - Пхеньян кызматташтыгын "чоң коркунуч" деп атады

Москва менен Пхеньян ортосунда бекемделип бараткан аскердик кызматташтык глобалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратып жатканын 29-октябрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл билдирди. Өкмөт жыйынында сүйлөп жатып ал ыктымал жооп чаралары кандай болушу керектигин талкуулоо, андайга даяр туруу зарыл экенин айтты. Түндүк кореялык аскерлерди кеме менен Орусиянын чыгыш аймагына жөнөтүп жатышканын алгач Сеул айтып чыккан. Кийин бул маалыматты АКШ, НАТО, Украина да тастыктап, сөз 10 миң аскер кызматкери тууралуу болуп жатканын, алардын айрымдары Украина менен чектеш тилкедеги Курск аймагына жеткенин белгилешкен.

Ливанда жана Газада Израилдин соккуларынан өткөн түнү ондогон өмүр кыйылганы кабарланды

ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн Газа секторунун маалыматына караганда, түндүк тилкедеги Бейт-Лахия шаарында палестин качкындарынын лагеринде беш кабат үйгө чабуул коюлуп, кеминде 77 киши каза болду. Мерт кеткендер арасында аялдар жана балдар көп экени, уранды астында калгандарды чыгаруу аракети уланып жатканы маалымдалды. Ал эми Ливанда, өлкөнүн расмий органдары билдиргендей, түндүк-чыгыш тилкедеги Бекаа өрөөнүндө израилдик аскерлердин бомбалоосунан ондон ашуун жерде 60 киши өмүрүнөн айрылды, дагы 50 чакты киши жараат алды.

Украинада Орусиянын соккусунан кеминде төрт киши каза болду, ондогону жараат алды

Украинада Орусиянын соңку чабуулдарынан бир нече киши каза болгонун жергиликтүү бийлик жетекчилери 29-октябрда эртең менен кабарлашты. Өлкөнүн экинчи ири шаары Харьковдо орус аскерлеринин бомбалоосунан төрт кишинин өмүрү кыйылганын калаа мэри Игорь Терехов Telegram каналы аркылуу кабарлады. Шаардын Основянский районуна тийген соккудан жарандык инфраструктура объектилери талкаланганы маалымдалды. Андан алты саат мурда да шаарга сокку урулган. Калаанын борбордук бөлүгү бутага алынып, Тереховдун айтымында, тогуз киши жараат алган, тарыхый имараттардын бири кыйраган.

Иранда теги ирандык немис жараны өлүм жазасына тартылды

Германия немис жарандыгы бар теги ирандык Жамшид Шармахддын өлүм жазасына тартылышын айыптап, Тегеранды “ырайымсыз режим” деп атады. Өлкөнүн тышкы иштер министри Анналена Бербок 28-октябрдагы билдирүүсүндө 69 жаштагы бул адамдын өлүмгө дуушар болушун чечкиндүү түрдө айыптай турганын белгиледи. Шармахд өлүм жазасына “Жогорку соттун акыркы тастыкталган өкүмүнөн кийин” тартылганын 28-октябрда Ирандын расмий юстиция порталы Misan кабарлады. Адатта Иранда өлүм жазасы адамды дарга асуу менен ишке ашырылат.

Өзбекстан: Президенттик администрациясынын Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси Алламжоновдун машинеси аткыланганы боюнча үч адам кармалды

Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдиргенин “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды. “Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ташкент облусунун Кибрай районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган дагы үч адамдын тек-жайы такталды. Алар шектүү катары кармалды”, - деп айтылат маалыматта. Бул окуя боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Атайылап адам өлтүрүүгө аракет кылуу”, “Куралды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 26-октябрга караган түндө Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз эки адам Алламжановдун Range Rover унаасына ок чыгарышкан. “Озодлик” өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, машинеде Алламжонов жана анын айдоочусу болгон. Экөө тең жабыркаган эмес.

XS
SM
MD
LG