Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:55

Министр Бакетаев коррупциядан бюджетке 46 млрд сом өндүрүлгөнүн айтты


Алмаз Бакетаев.
Алмаз Бакетаев.

Финансы министри Алмаз Бакетаев Кыргызстанда коррупциядан бюджетке 46 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирди.

Бул тууралуу ал 29-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып айтты. Бирок бул каражат канча убакыт ичинде кайтарылганын тактаган жок. Ал андан тышкары убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бир катар мүлктөр да мамлекетке алынганын кошумчалады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Кубанычбек Жаниев мамлекетке алынган мүлктөрдүн так саны тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев июль айында УКМКнын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегияда 2024-жылдын алты айында атайын кызмат бюджеттен 70 млрд сомдон ашык каражат уурдалганын аныктап, анын 50 млрд сомун өндүрүп казынага өткөрүп бергенин айткан. УКМК 50 млрд сом кайсы иш боюнча кимдерден өндүрүлгөнү тууралуу маалымат берген эмес.

Коомдо коррупцияга каршы күрөш ачык-айкын, кармалган шектүүлөрдүн мамлекетке төккөн каражаты мыйзам чегинде болушу керек деген пикирлер айтылып келет.

Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу тууралуу да буга чейин бир нече ирет билдирүү жасаган. Ал 14-июнда Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкандан кийинки сөзүндө “мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын” билдирген.

Андан бери Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар мамлекетке алынды. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG