Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:51

Украинада Орусиянын соккусунан кеминде төрт киши каза болду, ондогону жараат алды


Украина. Харьков.
Украина. Харьков.

Украинада Орусиянын соңку чабуулдарынан бир нече киши каза болгонун жергиликтүү бийлик жетекчилери 29-октябрда эртең менен кабарлашты.

Өлкөнүн экинчи ири шаары Харьковдо орус аскерлеринин бомбалоосунан төрт кишинин өмүрү кыйылганын калаа мэри Игорь Терехов Telegram каналы аркылуу кабарлады. Шаардын Основянский районуна тийген соккудан жарандык инфраструктура объектилери талкаланганы маалымдалды.

Андан алты саат мурда да шаарга сокку урулган. Калаанын борбордук бөлүгү бутага алынып, Тереховдун айтымында, тогуз киши жараат алган, тарыхый имараттардын бири кыйраган.

Ал эми борбор калаа Киевде учкучсуз учактардын чабуулунан кеминде алты жайкын тургун жараат алды. Бул тууралуу Telegram каналына мэр Виталий Кличко жазды жана жараат алгандардын биринин абалы оор экенин билдирди.

Орусия Украинага кол салбаганын, атайын аскердик операция гана жүргүзүп жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG