Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Ливанда жана Газада өткөн түнү да ондогон өмүр кыйылганы кабарланды


Ливан. Бекаа аймагы. Архив сүрөт.
Ливан. Бекаа аймагы. Архив сүрөт.

Ливандын жана Газанын саламаттык сактоо мекемелери 29-октябрга караган түнү Израилдин соккуларынан дагы ондогон кишинин өмүрү кыйылганын кабарлашты.

ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн Газа секторунун маалыматына караганда, түндүк тилкедеги Бейт-Лахия шаарында палестин качкындарынын лагеринде беш кабат үйгө чабуул коюлуп, кеминде 77 киши каза болду. Мерт кеткендер арасында аялдар жана балдар көп экени, уранды астында калгандарды чыгаруу аракети уланып жатканы маалымдалды.

Ал эми Ливанда, өлкөнүн расмий органдары билдиргендей, түндүк-чыгыш тилкедеги Бекаа өрөөнүндө израилдик аскерлердин бомбалоосунан ондон ашуун жерде 60 киши өмүрүнөн айрылды, дагы 50 чакты киши жараат алды.

Израил Ливандагы жана Газадагы азыркы операцияларын былтыркы кандуу кол салууга жооп катары ХАМАСка жана "Хезболлага" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) каршы жүргүзүп жатканын айтууда.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Израилдин түндүк тилкесиндеги аймакка кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн, 250дөй кишини барымтага алып кеткен. Ошондон кийин Израил ХАМАСты толук жок кыларын жарыялаган жана Газадагы операциясын баштаган. Газа бийлигинин соңку маалыматына караганда, каза болгондор 43 миңден ашты.

Ал эми Ливандын "Хезболланын" жоочулары жайгашкан деп эсептеген аймактарына чабуулдарын Израил быйыл сентябрда күчөттү. Израил армиясы (ЦАХАЛ) Ливандын аймагынан учкучсуз учактар жана ракеталар дагы эле атылып жаткандыктан операциясын улантууга мажбур экенин билдирүүдө.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги кырдаал курчугандан бери израилдик аскерлердин чабуулдарынан бир айда кеминде 2710 кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG