Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:55

Иран: Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган Наргиз Мохаммади түрмөдөн ооруканага которулду


Наргиз Мохаммади.
Наргиз Мохаммади.

Ирандык укук коргоочу, 2023-жылкы Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, саясий туткун Наргиз Мохаммади түрмөдөн Тегерандагы ооруканалардын бирине которулду. Бул тууралуу күйөөсү Таги Рахмани билдирип, жубайы соңку эки айдан бери ооруп жатканын айтты.

“Дээрлик тогуз аптадан бери медициналык жардамга жете албай жаткан Наргиз Мохаммади жарандык активисттердин жана укук коргоочулардын, “Наргизге эркиндик” коалициясынын жана дүйнөлүк коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көрсөткөн таасиринен кийин гана акыры ооруканага жаткырылды”, - деп жазды ал Х социалдык түйүнүнө.

Францияда бозгунда жашаган Рахманинин айтымында, абакка отургузулушу жана жардамдын кечиктирилиши Мохаммадинин ден соолугуна олуттуу залакасын тийгизди.

Мурдагы журналист, Ирандагы адам укугун коргоочулар борборунун вице-президенти, эки баланын энеси, 52 жаштагы Наргиз Мохаммади 13 жолу кармалып, беш жолу жалпысынан 31 жылга соттолгон. Соттун соңку чечимине ылайык ал «жарандык баш ийбөөчүлүк», «душмандык пропаганданы жайылтуу» деген сыяктуу беш айыптын негизинде 12 жылдык жаза мөөнөтүн өтөөдө. Талдоочулар ал Ирандагы кыз-келиндердин укугун жана эркиндигин коргоо кыймылынын башында турат деп белгилешет.

Туура эки жыл мурда, 2022-жылдын 16-сентябрында Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини аттуу ирандык студент кыз полиция бөлүмүндө көз жумган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр кыз катуу сабалганын айтып беришкен.

Кыздын өлүмүнөн кийин жалпы Иранда 1979-жылдагы Ислам ыңкылабынан берки эң ири нааразылык акциялары тутанган. Мохаммади сыяктуу бийлик сынчылары камакта отурганына карабастан «Аялдар, өмүр, эркиндик» кыймылы негизделген. Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталганда жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган. «Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

XS
SM
MD
LG