Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:00

Грузияда оппозициянын шайлоонун жыйынтыгына каршы митинги өтүүдө


Тбилиси. 2024-жылдын 28-октябры.
Тбилиси. 2024-жылдын 28-октябры.

Грузиянын борбор калаасы Тбилисиде бүгүн 28-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирген жарандардын акциясы өтүүдө. Ага өлкө президенти Саломе Зурабишвили катышууда.

Дүйшөмбүнүн кечинде акцияга чыгууга грузиялыктарды президент өзү чакырып, добуш берүүнүн жыйынтыгы "Грузин кыялынын" пайдасы үчүн "толук бурмаланганын" белгилеген.

26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өттү. Соңку расмий маалыматка караганда, аталган партия добуштардын 53,92% алды, оппозицияга 38% тийди.

Бийлик шайлоо таза өткөнүн, ал эми оппозиция жана өлкө президенти добуш берүү мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып, жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип жатышат.

Шайлоого 102 жергиликтүү жана 64 эл аралык байкоочу көз салды.ЕККУнун байкоочулары шайлоо эл аралык демократиялык принциптерге толук шайкеш келбеген деңгээлде өткөнүн айтышты.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн азыр "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Орусиячыл партия Москваны Украинага каршы согушу үчүн айыптаган, бирок санкция жарыялоодон баш тарткан. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага аталган партия катышкан эмес. 2023-жылы 14-декабрда Европа Биримдигинин Кеңеши Грузияга бул биримдикке мүчө болууга расмий түрдө талапкер макамын берген. Бирок андан бери Орусияныкына окшогон бир нече чечим кабыл алынгандан кийин грузин бийлиги Батыштагы өнөктөштөрүнүн сынына кабылган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG