Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Орусияда мигранттар тобу кармалып, "геномдук каттоого" алынды


Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда дагы бир топ борбор азиялык мигрант кармалганын, алардан геномдук каттоо үчүн анализ алышканын 28-октябрда “Свобода” радиосу жазды. Красноярск крайында Тергөө комитетинин жана аскердик комиссариаттын кызматкерлери кезектеги рейди учурунда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан республикаларынын 244 жаранын кармап кеткени, алардын 229унан “федералдык базага кошуу үчүн геномдук маалыматын алууга материал чогултканы” кабарланды.

"Сибирский экспресс" басылмасы жазгандай, күч кызматкерлери мигранттарды иштеген жеринен – "Пятёрочка" дүкөндөрүнүн кампаларынан, жыгачты кайра иштетүүчү базадан жана өндүрүш-логистика комплексинен кармап кетишкен. Алардын Орусияда кандай негизде жүргөнүн, жумушка уруксаты бар же жогун текшеришкен, айрымдарынын документи туура эместигин аныкташкан.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Геномдук маалымат федералдык базасы 2009-жылы түзүлгөн. 2008-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, ага оор же өзгөчө оор кылмыш кылгандардын, шектүүлөрдүн жана дайынсыз жоголгондорду табуу үчүн алардын жакындарынын генетикалык анализи топтолчу. Ал эми 2023-жылдан баштап мындай анализ камалган жана соттолгон жарандардын баарынан алына баштады. Бирок кылмыш кылбаган кишиден андай анализ эгер өзү суранса гана алынышы керек.

Быйыл июль айында Орусиянын Тергөө комитети Мамлекеттик Думага миграция мыйзамдарын катаалдатууну, тагыраак айтканда, өлкө аймагына кирген чет элдиктердин баарын геномдук каттоого милдеттүү түрдө алууну сунуш кылган. Азыркы тапта бул боюнча чечим кабыл алына элек.

Юрист Ольга Подоплелованын белгилешинче, кылмыш кылып эмес, эреже бузгандыгы үчүн гана кармалган же камакка алынган адамды мындай анализ тапшыртуу Европанын Адам укуктары боюнча конвенциясына жана Европанын Адам укуктары боюнча сотунун нормаларына карама-каршы келерин белгилеген. Орусия жогоруда аталган конвенциядан 2022-чыккан.

Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.

2022-жылдын февралында Орусия Украинага каршы согуш ачкан, күзүндө мобилизация жарыялаган. Канча аскеринен ажыраганын орус бийлиги айтпайт, бирок Украина жана Батыш Орусиянын жоготуулары өтө көп экенин белгилейт. Орус бийлиги согуш талаасына түрдүү шылтоо менен абактагыларды жана мигранттарды да жөнөтүүдө.

Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар.(RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG