Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:00

ЕККУ: Өзбекстандагы шайлоо чыныгы тандоо укугу берилбеген шартта өттү


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандагы кезектеги парламенттик шайлоо Конституцияны өзгөртүү сыяктуу реформалар уланып жаткан, бирок саясий чөйрөдөгү чектелгендик шартында, шайлоочуларга чыныгы тандоо мүмкүнчүлүгү берилбеген абалда өттү. Мындай бүтүмүн 28-октябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунун байкоочулар миссиясы жарыялады.

Миссиянын билдирүүсүндө негизги эркиндиктер бул өлкөнүн мыйзамдарында да, иш жүзүндө да чектелгени белгиленди.

“Реформалар адам укугу жаатындагы алдыга карай кадам экенине карабастан негизги эркиндиктерди, айрыкча биригип тынч жыйын курууну жана пикирин эркин билдирүүнү камсыздоо жагынан маанилүү коркунучтар дагы эле бар”, — деди ЕККУнун кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүү миссиясынын башчысы Азай Гулиев.

Шайлоо мыйзамдары бара-бара жакшырып, техникалык жактан жакшы даярдалганына карабастан саясий партияларды каттоо, талапкерлерди көрсөтүү укугу, үгүт иштерин каржылоонун ачыктыгы, жарандардын байкоо жүргүзүүсү сыяктуу багыттарда эл аралык стандарттардын сакталышы олуттуу көйгөй болуп турганы айтылды.

“Каттоодон өткөн партиянын бешөө тең бийликчил саясатчылардын колдоосуна ээ болуп турган шартта шайлоочуларда чыныгы тандоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болгон жок. Бул жарандардын чыныгы добушун билиш үчүн динамикалуу жана атаандаштыкка негизделген саясий чөйрөнү түзүү зарылчылыгын көрсөтүүдө”, — деп белгиледи ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын атынан барган делегациянын өкүлү Саргис Ханданян.

27-октябрда Өзбекстанда парламенттик шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, шайлоочулардын 75% добушун берди, президент Шавкат Мирзиёевди колдогон Либералдык-демократиялык партия парламенттин Мыйзам чыгаруу палатасындагы 150 орундун 64үн ээледи.

Байкоочулардын белгилешинче, чыныгы оппозиция өкүлдөрү шайлоого катыша алган жок, бийликтин партиясына атаандаш катары чыккандар “чөнтөк партиялар” болду. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG