Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Башкы прокуратура: Быйыл 69 жаран Кыргызстанга экстрадицияланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын январь-октябрь айларында чет жактарда кылмышка айыпталып, кармалган 69 кыргызстандык жаран мекенине кылмыш жоопкерчилигине тартуу же сот өкүмүн аткаруу максатында кайтарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 28-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органы кылмышкерлерди экстрадициялоо жаатында чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иш алып барууну улантууда. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу же сот өкүмүн аткаруу максатында Кыргызстанга экстрадицияланган жарандар кайсы мамлекеттерден алып келингени тууралуу маалымат жок.

Башкы көзөмөл органы ошондой эле жыл башынан берки убакта Кыргызстандан чет өлкөлөргө кылмышка айыпталган 38 чет элдик жаран өткөрүп берилгенин да билдирди. Алардын ичинен Орусиянын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен Молдованын жараны - 1974-ж.т. В.П. аттуу жаран жоопкерчиликке тартуу үчүн экстрадицияланган.

"Ошондой эле Түркиянын жараны К.Д. эл аралык кылмыштуу уюмга катышып, ири көлөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз ташып жеткирүүгө жана сатууга көмөктөшкөндүгү үчүн экстрадициялоо чечими кабыл алынган", - деп жазылган маалыматта.

Башкы прокуратура алыскы чет мамлекеттер менен да экстрадициялоо боюнча кошумча келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы кошумчаланган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы чет өлкөлөрдө соттолгон кыргызстандыктарды экстрадициялоо боюнча 18 мамлекет менен кызматташат.
Мекеменин маалыматында, 2016-жылдан бери чет мамлекеттерде кылмышы үчүн соттолуп, абак жазасын өтөп отурган 550дөн ашуун кыргызстандык жаран мекенине кайтарылган. Басымдуусу Орусиядан, Ирандан, Түркиядан, Түштүк Кореядан, Кытайдан жана Бириккен Араб Эмирликтеринен экстрадицияланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG