Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

Кыргызстанда 72 миң бала туугандарынын колунда тарбияланууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда 72 миндей бала ата-энеси чет өлкөгө миграцияга кеткендиктен, туугандарынын колунда тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Министрлик быйылкы тогуз айда ата-энеси чет жактарда миграцияда жүргөн 86 миңден ашуун баланы каттаган. Бул маалыматтар министрликтин кызматкерлери эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо, үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында жарым жыл ичинде 296 миңден ашык үй-бүлөнү кыдырганда белгилүү болгон.

Мекеме балдарын кимге таштаганы тууралуу маалымат бербеген ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүп, 15 миң сом айып пул салууну сунуштаган. Тиешелүү мыйзам долбоору сентябрь айында коомдук талкууга чыгарылган.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылып, өлүм менен аяктаган окуялары катталган.

Мигранттардын балдарынын кейиштүү тагдыры, алар туш болгон зордук-зомбулук окуяларынан улам кыргыз өкмөтү "Мигранттын баласы" деген атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде жергиликтүү социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыктарында мигранттардын балдары каттоого алынып, жергиликтүү бийликке, айыл өкмөттөргө жана мектептердеги социалдык педагогдорго алар менен тыгыз иштешүү милдети тапшырылган.

Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстандын 655 миңден ашуун жараны миграцияда жүрөт. Алардын 400 миңдейи Орусияда. Соңку учурда Казакстанга, Түркияга, Европа өлкөлөрүнө, Түштүк Кореяга жана АКШга кеткендердин саны өскөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG