Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Батыш Молдовага маанилүү шайлоо алдында колдоо көргөзүүдө


Молдованын тышкы иштер министри Михай Попшой Түндүк-Балтика кызматташтык форматынын катышуучулары менен. Кишинев, 15-октябрь, 2024-жыл
Молдованын тышкы иштер министри Михай Попшой Түндүк-Балтика кызматташтык форматынын катышуучулары менен. Кишинев, 15-октябрь, 2024-жыл

Молдова маанилүү шайлоо алдында Орусиянын гибрид чабуулдарына туруштук берүү үчүн Батыш өлкөлөрү менен өз ара түшүнүү меморандумун түздү.

Документке 15-октябрда Кишиневдо Молдованын тышкы иштер министри Михай Попшой жана Түндүк-Балтика кызматташтык форматына кирген Дания, Финляндия, Эстония, Исландия, Латвия, Литва, Норвегия жана Швециянын башкы дипломаттары кол койду.

Алардын алдында Молдованын евро интеграциясына колдоо көргөзүү иретинде Кишиневго Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен барып кеткен.

Попшойдун айтымында, меморандум Москванын дезинформацияны таратуу боюнча агрессивдүү кампаниясынын фонунда өлкөнүн институционалдык дареметин күчтөндүрмөкчү.

20-октябрдагы шайлоодо батышчыл президент Майя Санду экинчи мөөнөт үчүн ат салышмакчы. Ал күнү молдовалыктар өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу ниети боюнча да пикирин билдирет.

Санду бийликте турган төрт жылда 2,5 милион калкы бар Молдова Орусиянын дестабилдештирүүчү аракеттерине карабай Батышка ыктай баштады.

Европанын эң кедей өлкөлөрүнүн бири 2022-жылы шаркетке кирүүгө талапкер деген макам алууга жетишкен жана быйыл тиешелүү сүйлөшүүлөрдү баштады.

XS
SM
MD
LG