Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:27

Газа: Израилдин аткылоосунан тамак-ашка кезекте турган кеминде 10 киши набыт болду


Жабалиядан көчүүгө даярданып жаткан газалыктар. 9-октябрь 2024-жыл
Жабалиядан көчүүгө даярданып жаткан газалыктар. 9-октябрь 2024-жыл

Газанын түндүгүндө дүйшөмбү күнү Израилдин танктары аткылаганда качкындар лагеринде тамак-ашка кезекте турган кеминде 10 киши набыт болду. Бул тууралуу палестиналык дарыгерлер билдирди. Алардын маалыматына ылайык, каза тапкандардын арасында аялдар менен балдар бар.

Ошондой эле израилдик дрон да Жабалиядагы лагерге сокку урганы кабарланды.

Израилдин аскерлери – ЦАХАЛ окуяны териштирип жатканын билдирди.

"Рейтер" агенттиги жазгандай, 10 күндөн бери израилдик аскерлер Жабалияга чабуул коюп жатат. Курчоого алынган лагердин жанындагы Беит Лахья жана Беит Ханун шаарчаларына танктар жөнөтүлдү. ЦАХАЛ ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Еврошракетте террордук деп таанылган) кайра уюшусууна жол бербөөнү максат кылганын билдирди.

Израил газалыктарды тилкенин түштүгүнө эвакуацияланууга чакырса, ХАМАС ал жак кооптуу деп эскертүүдө.

Палестин анклавынын түндүк бөлүгү бир жыл мурун башталган согуштун биринчи баскычында катуу бомбаланган. БУУнун маалыматы боюнча ал жерде 400 миңдей киши турат.

Уюм Жабалиядагы карапайым элдин аянычтуу абалына камтамасын билдирип келатат.

ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси согуш башталганы 42 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын маалымдады.

Уруш хамасчылар Израилге кол салганда 1200 киши каза таап, 250дөйү барымтага алынгандан кийин тутанган.

XS
SM
MD
LG