Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Эрдоган түрк оппозициясынын лидерин сотко берди


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган оппозициядагы Республикандык элдик партиясынын лидери Озгюр Озелди сотко берди. Мамлекет башчы анын "ар-намысын тебелеп, кадыр-баркына шек келтиргени үчүн" моралдык чыгымдын ордун толтурууну талап кылууда. Бул тууралуу Haberturk басылмасы кабарлады.

Ошондой эле Анкаранын Башкы прокуратурасына Озелге карата кылмыш ишин козгоо тууралуу арыз берилди. Арызда Түркиянын президентинин дарегине акарат келтирүү беренеси боюнча тергөө жүргүзүү өтүнүчү келтирилген.

Президенттин адвокаты Хүсейин Айдын бул маалыматты X социалдык тармагы аркылуу ырастады. Анын айтымында, Эрдоган саясий атаандашынан 500 миң түрк лирасы (13 миң доллардан ашык) өлчөмүндө кенемте талап кылууда. Себеби Озел Эрдоганды “хунтанын мүчөсү” деп атап, башка да кордук келтирген билдирүүлөрдү жасаган.

“Анкара шаардык жарандык сотуна арыз берилип, президентке карата негизсиз айыптоолор жана "хунта мүчөсү" деген сыяктуу орой сөздөр үчүн 500 миң лиралык моралдык компенсация талап кылынды”, — деди Айдын.

Белгилей кетсек, Түркияда март айынын ортосунан бери саясий кризис уланууда. Бул кырдаал Стамбулдун оппозициядагы мэри Экрем Имамоглунун камакка алынышы менен күчөдү. Ал келерки президенттик шайлоодо Эрдогандын негизги атаандашы болушу керек эле.

Башында бийлик анын “террорчул уюмдар менен байланышы бар” деген дооматтарды койгон, бирок кийин ал коррупция боюнча гана айыпталган. Оппозиция бул ишти саясий мүнөзгө ээ деп эсептейт.

Имамоглунун камалышына байланыштуу Түркиянын бир катар шаарларында, анын ичинде Стамбул менен Анкарада жапырт нааразылык акциялар өттү.

Шерине

XS
SM
MD
LG