Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Евробиримдик Орусияга курал бергени үчүн Иранга санкция салды


 Iran Air компаниясынын учагы Лондон аэропортуна жакын жерде. Иллюстрация
Iran Air компаниясынын учагы Лондон аэропортуна жакын жерде. Иллюстрация

Европа биримдиги Ирандын жети компаниясына жана жети аткаминерине санкция салды. Бул чара Орусияны Украинага сокку урууда колдонулган дрондор, ракеталар жана аскердик технологиялар менен камсыздагандыгы үчүн көрүлүүдө. Маалымат Еврокеңештин сайтында жарык көрдү.

Чектөөгө Saha Airlines, Mahan Air жана Iran Air, эки сатып алуучу компания жана суюк отун чыгарган эки фирма кабылды.

"Кара тизмеге" Ирандын коргоо министринин орун басары Сайед Хамза Галандари, Тегерандын Орусиядагы аскердик атташеси Реза Хосрави Могадам, аэро-космос тармагындагы эки компаниянын жетекчилери жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун бир нече аткаминери камтылды.

Шаркеттин кеңеши санкцияга туш болгондордун “Жакынкы Чыгышта жана Кызыл деңиз аймагында тынчтыкка жана коопсуздукка шек келтирген куралдуу топтор менен уюмдарды курал-жарак, технолгиялар менен камсыздоого тиешеси бар” деп кошумчалап, бирок тактоочу маалымат келтирген жок.

Жазалоочу чараларга кабылган адамдардын активдери тоңдурулат, алар Евробиримдикке кире албайт, башка компанияларга аларга демөөрчү болууга тыюу салынат.

Алсак, Iran Air компаниясы учурда Европанын бир катар шаарларына, арасында Франкфурт, Гамбург, Келн, Париж жана Миланга учат.

Еврокеңеш быйыл мартта Тегеран Москвага Украинага каршы колдонулчу курал менен технологияларды берсе, санкциялар салынарын эскерткен.

Иран андай шектенүүлөрдү четке кагып келди.

XS
SM
MD
LG