Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Зеленский орус армиясынын катарында Украинада согушуп жүргөн эки кытайлык аскер туткунга түшкөнүн айтты


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусунда Кытайдын эки аскери туткунга алынганын билдирди. Бул тууралуу ал 8-апрелде Киевде Бельгиянын премьер-министри Барт де Вевер менен биргелешкен маалымат жыйынында айтты.

"Бүгүнкү жаңылык, биз Кытайдын аскерлерин Украина аймагында туткунга алдык. Донецк облусунун Тарасовка жана Белогоровка аймактарында украин жоокерлери алты кытайлык аскер менен салгылашты. Алардын экөө кармалды. Документтери бар, паспорттору бар, атүгүл кредиттик карталары да бар. Бул адамдар Кытай жарандары", — деп айтты Зеленский.

Ал бул аскерлер жалданма жоокерлер болгон-болбогонун же Түндүк Кореянын аскерлериндей эле кандайдыр бир эки тараптуу келишимдин негизинде Украинанын аймагына киришкен-киришпегенин так айткан жок.

"Биздеги маалыматка караганда орус армиясы тарапта мындан да көп сандагы Кытай жарандары болушу мүмкүн. Азыр бул фактыларды тактап жатабыз", — деди ал.

Зеленский кошумчалагандай, Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Кытай бийлиги менен тез арада байланышып, бул окуя боюнча Бээжинден маалымат алууга тийиш.

Ошондой эле Зеленский Украина боюнча Рамштайнда өтө турган жыйналышка катышпай калышы мүмкүн экенин айтып, бирок Киевдин Вашингтондун өкүлдөрү менен сөзсүз сүйлөшчү маселелери бардыгын кошумчалады.

"Орусиянын бул согушка Кытайды түз же кыйыр жол менен тартууга аракет кылып жатканы Путин согушту токтотууну эмес, улантууну көздөп жатканынан кабар берет. Ал согушту кантип улантуунун жолдорун издеп жатат. Бул АКШнын, Европанын жана тынчтыкты каалаган бардык өлкөлөрдүн реакциясын талап кылат", — деп билдирди Украина президенти.

Расмий түрдө Кытай Украинадагы согушта эч бир тарапты ачык колдогон эмес жана Орусия менен да, Украина менен да соода байланышын улантып келет.

Бирок Бээжиндин “тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү керек” деген билдирүүлөрү көбүнесе Кремлдин согуш тууралуу билдирүүлөрүнө үндөш келерин байкоочулар белгилешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG