Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Сот Жоомарт Карабаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды


Жоомарт Карабаев сотто. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.
Жоомарт Карабаев сотто. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-октябрда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдын ишин карады.
"Азаттыктын" кабарчысы сот залынан билдиргендей, Жоомарт Карабаев коюлган айыпты мойнуна албай турганын айтып, саламаттыгы начарлап кеткенин, дарыланууга муктаж экенин билдирди. Буга байланыштуу соттон өзүн үй камагына чыгарууну сурады.

Судья анын өтүнүчүн канааттандырган жок. Карабаев тергөө абагында камакта калды.

14-октябрдагы сотто кийинки жараяндардын тартиби аныкталды. Ага ылайык, кийинки отурумдарда бул иш боюнча үч эксперт көрсөтмө берет.

Кийинки соттук териштирүү 28-октябрда болот.

Жоомарт Карабаев буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү өзүнө басым-кысым кылганын билдирип, абактан президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага да кат жазып, тергөө иштеринин жүрүшүндө укуктары бузулуп жатканын билдирип, укуктук жардам берүүнү сураган. Ал тергөөдө зордук-зомбулукка кабылганын айткан.

Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага Жоомарт Карабаевдин арызы боюнча териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чечим кабыл алууга чакырып кайрылган. Прокуратура маалымат иликтенип жатканын укук коргоочуларга билдиргени кабарланган.

УКМК кызматкерлери Жоомарт Карабаевди быйыл 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Ал мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан.

Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги буга чейин Карабаевдин айткандарын толук четке кагып, анын кылмыш ишине мекеменин байланышы жок экенин айтып келет.

Карабаев камакка алынганга чейин Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып келген.

Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес. (MKt/ZKo)

XS
SM
MD
LG