Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:21

ИИМ Бишкекте ишкерди уурдоого шек саналып эки адам кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте ишкерди уурдаган деген шек менен эки адам кармалганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, борбор калаада ишкерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч менен автоунаага салып, Бишкектин сыртындагы ээн талаага алып чыгып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-издөө иш-чараларында шаардын борборундагы көчөлөрдүн биринин кесилишинен 1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандар кармалган. Алар жабырлануучуну шаардын четине алып чыгып сабап, 25 миң долларын жана машинесин берүүгө макулдук алып, ишкердин башка автоунаасын алып кетүүгө баратканы аныкталган.

Кармалган Т.Ж. аттуу адам маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG