Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:31

Аба ырайы: жаан, кар жаайт


15-17-октябрь күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы сакталат.

16-17-октябрда өрөөндөрдө -4, тоолуу аймактарда -10 градуска чейин суук болот.

15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус жылыйт.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 9…11° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG