Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Өкмөт 40 айыл өкмөттүн ар бирине 450 миң доллардан берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандагы 40 райондогу бирден айыл өкмөткө 450 миң доллардан берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 14-октябрдагы жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов билдирди.

Анын сөзүнө караганда, жалпы 27 млн доллар каражат Дүйнөлүк банктан кайтарымсыз грант жана үстөксүз насыя катары алынат. Дүйнөлүк банк мунун 25 млн долларын 50 жылдык мөөнөткө үстөксүз насыя, ал эми 2 млн долларды грант катары берет.


Санжар Болотов берген маалыматка ылайык, 450 миң доллардан алуучу айыл өкмөттөр аныкталган. Насыя Дүйнөлүк банкка мамлекеттик бюджеттен кайтарылып берилет.

Парламенттин депутаты Акбөкөн Таштанбеков насыя алуучу айыл өкмөттөрдүн арасында ансыз деле бюджети көп, бай айыл өкмөттөр бар экенин сынга алып, өкмөттү артта калган, бюджети аз аймактарга көңүл бурууга чакырды.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 30-июнга карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 362 млн долларды түзгөн. Сумманын 4 млрд 501,8 млн доллары тышкы карыз, анын негизги бөлүгү – 1 млрд 660,64 млн доллар Кытайдын Экспорт-импорт банкына берилүүчү карыз. (ZKo)


XS
SM
MD
LG